Орусиянын Украинага чабуулунан 313 бала каза болду

Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө, орус армиясынын Украинага жасаган кол салууларынын натыйжасында 313 баланын каза болгондугу, 579 баланын жаракат алганы белгиленди.

1843556
Орусиянын Украинага чабуулунан 313 бала каза болду

Орусиянын Украинага 24-февралда баштаган кол салууларында кеминде 313 бала каза болду.

Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө, орус армиясынын Украинага жасаган кол салууларынын натыйжасында 313 баланын каза болгондугу, 579 баланын жаракат алганы белгиленди.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, Украинанын Донецк облусунда 291, Харьков облусунда 169 , Киев облусунда 116, Чернигов облусунда 6, Луганск облусунда 54, Херсон обласунда 52, Николаев областында 48, Запорожье областында 30 жана Суми областында 17 бала согуштан жапа чекти.

Башкы прокуратура ошондой эле Орусиянын чабуулдарынан кеминде 1985 билим берүү мекемеси жабыркап, алардын 194ү толугу менен талкаланганын жарыялады.

Сандардын так маалымат эместиги жана иликтөөлөрдүн «убактылуу басып алынган жана бошотулган аймактарда» уланып жатканы айтылды.



Тектеш кабарлар