Кытайда сел жүрдү
Сел жана жер көчкүдөн 6 адам каза болду.
1843831
Кытайда нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жана жер көчкүдөн 6 адам каза болду.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда өлкөнүн түштүгүндөгү Фуциен провинциясында урап түшкөн үйдөн 3 киши, Цианси-Куанг автономиялуу районундагы жер көчкүдөн 2 адам каза болду.
Түндүктөгү Ички Монголия автономиялуу районунда тоо жолунда селге кабылган унаадагы бир адам каза болуп, 3 адам дайынсыз жоголду.
Суу ташкынынан улам айдын башынан бери 200 миң адам жашаган аймактардан эвакуацияланды.
Кытайда жай айларында, айрыкча субтропикалык климаттык зонанын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө мезгилдүү жаан-чачындан улам келип чыккан суу ташкындары адамдардын өлүмүнө жана материалдык чыгымга алып келүүдө.