Литва Украина үчүн 6 дрон сатып алды

6 «EOS C VTOL» үлгүсүндөгү учкучсуз учактын 4 даанасы жакын арада Украинанын куралдуу күчтөрүнө жөнөтүлөт.

1842408
Литва Украина үчүн 6 дрон сатып алды

Литванын Украинага жөнөтүү үчүн 990 миң евролук 6 чалгындоочу учкучсуз учак сатып алганы билдирилди.

«Cenco.net» сайтынын кабарына караганда Литва сатып алган 990 миң евролук 6 даана «EOS C VTOL» үлгүсүндөгү учкучсуз учактын 4 даанасы жакын арада Украинанын куралдуу күчтөрүнө жөнөтүлөт.

Литвалык журналист Андрус Тапинас жарыялаган кабарда, берки 2 учкучсуз учактын да эки айдын ичинде Украинанын куралдуу күчтөрүнө жеткирилери белгиленди.



Тектеш кабарлар