Пакистанда өрт чыгып 500 унаа күйүп кетти

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Азиз Бхатти районундагы унаа токтотуучу жайдын жанындагы бадалдан чыккан өрт тез эле унаа токтотуучу жайга жайылып кеткен.

1841833
Пакистанда өрт чыгып 500 унаа күйүп кетти

Пакистандын Карачи шаарындагы унаа токтотуучу жайда чыккан өрттөн 500дөн ашуун мотоцикл, 7 жеңил унаа жана бир автобус күйүп кетти.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Азиз Бхатти районундагы унаа токтотуучу жайдын жанындагы бадалдан чыккан өрт тез эле унаа токтотуучу жайга жайылып кеткен.

Өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү өрттүн кесепетинен 500дөн ашык мотоцикл, 7 жеңил унаа жана бир автобус күйүп кеткенин, жан жоготуулар жана жабыркагандар жок экенин билдирди.

Жооптуу кызматкерлер күйүп жаткан дөңгөлөктөр катуу түтүнгө себеп болгонун, өрттү өчүрүү аракеттери уланып жатканын белгилешти.



Тектеш кабарлар