Россия менен Кытайды бириктирген көпүрө ачылды

19  миллиард рубль (328 миллион доллар)  сарпталган көпүрөнүн курулушу эки жыл мурда бүткөрүлсө да коронавирус эпидемиясынан улам жакында ачылды.

1841536
Россия менен Кытайды  бириктирген көпүрө ачылды

 Россия менен Кытайды Амур дарыясы аркылуу бири бирине байланыштырган жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым  - катнаштарды өнүктүрүшү күтүлгөн эки авто жол көпүрөсү ачылды.

Россиянын Благовещенск шаары менен Кытайдын Хэйхэ шаарынын ортосундагы Амур дарыясынын үстүндөгү 1080 метр узундуктагы өтмөктүн курулушу 2016 -  жылдын акырларында башталды.

19  миллиард рубль (328 миллион доллар)  сарпталган көпүрөнүн курулушу эки жыл мурда бүткөрүлсө да коронавирус эпидемиясынан улам жакында ачылды.

Кытайда  Ковид  - 19  эрежелери күчүндө болгондуктан  азырынча бир гана жүк ташуучу машиналардын өтүшүнө уруксат берилүүдө.

Россиянын вице-премьер-министри Юрий Трутнев аземде сүйлөгөн сөзүндө : «Бүгүнкү чачыранды дүйнөдө Россия менен Кытайдын ортосундагы Благовещенск-Хэйхэ көпүрөсү өзгөчө, символдук мааниси бар. Бул көпүрө Россия жана Кытай элдерин бири бирине байланыштырган башка бир достук линиясы болот»,- деди.

Кытайдын вице-премьер-министри Ху Чунхуа да иш-чаранын символикалык маанисине токтолду. Чунхуа байланыш менен  өлкөсүнүн дагы жакшы логистикалык кызматтарды көрсөтө аларын, өтмөктүн достук жана кызматташуу көпүрөсү болорун айтты.



Тектеш кабарлар