Украина: "Согушта каза болгон орус аскерлеринин саны 32 миңге жакындады"

Украинанын аймагында 31 миң 900 орус аскери өлтүрүлдү.

1841185
Украина: "Согушта каза болгон орус аскерлеринин саны 32 миңге жакындады"

Украина 24-февралдан бери уланып жаткан согушта каза болгон орус аскерлеринин санынын 32 миңге жакындаганын жарыялады.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө, орус армиясынын 24-февралдан 10-июнга чейинки жоготуулары тууралуу маалыматтар жаңыртылганы белгиленди.

Ага ылайык, Украинанын аймагында 31 миң 900 орус аскери өлтүрүлдү.

Мындан тышкары 212 учак, 178 тик учак, 1409 танк, 3 миң 450 бронетехника, 712 замбирек, 125 ракета, 222 ракета атуу системасы жана 97 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү ошондой эле 2438 унаа, 13 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил катер, 572 учкучсуз учуучу аппаратынан ажырады.

Украинанын куралдуу күчтөрү акыркы 24 саатта өлкөнүн түштүгүндөгү фронтто 33 баскынчы аскер менен бирге «Град» ракета аткыч системасын, 8 учкучсуз учуучу аппаратты жана душмандын 3 ок-дарысын жок кылды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.



Тектеш кабарлар