Оптимизм өмүрдү узартат

Гарвард менен Бостон университеттеринин окумуштууларынын тобу тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн алкагында 159 миң 255 аял байкоого алынды.

1841111
Оптимизм өмүрдү узартат

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жүргүзүлгөн изилдөө, эң көп оптимист болгон адамдардын 90 жаштан кийинки өмүрүнүн эң аз оптимист адамдарга караганда 10 пайызга көбүрөөк экенин көрсөттү.

Journal of the American Geriatrics Society журналында жарыяланган жана Гарвард менен Бостон университеттеринин окумуштууларынын тобу тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн алкагында 159 миң 255 аял байкоого алынды.

Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында оптимизмдин адамдын өмүрүндөгү 5,4 пайыздык башкача айтканда орточо 4.4 жылга узартылышы менен байланышы бар деген тыянакка келишкен окумуштуулар, бул жыйынтыктардын депрессия, өнөкөт жүрөк оорулары, социалдык жана экономикалык шарттар эске алынганда да жарактуу экенин белгилешти.

Көнүгүү жасоонун жалпысынан ден соолук үчүн маанилүү экени кабыл алынганын жана үзгүлтүксүз көнүгүүнүн адамдын өмүрүн 0,4-4,2 жылга узартарын эске салган илимпоздор макаласында: «Биздин тыянактар ​​оптимизмдин таасиринин көнүгүү сыяктуу өмүрдү узарта аларын көрсөтүүдө»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар