БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү шайланды

Эквдор, Япония, Мальта, Мозамбик жана Швейцария БУУнун Коопсуздук Кеңешине убактылуу мүчөлөрү катары шайланды.

1841080
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү шайланды

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин  5 жаңы убактылуу мүчөсү белгиленди.

193 мүчөлүү БУУ Кеңешинде болгон шайлоодо Эквдор, Япония, Мальта, Мозамбик жана Швейцария БУУнун Коопсуздук Кеңешине убактылуу мүчөлөрү катары шайланды. Бул 5 өлкө 2023 -  жылы 1 -  январдан тарта БУУнун Коопсуздук Кеңешинде 2 жыл убактылуу мүчө катары кызмат кылат.

Курамына 15 мүчө мамлекет кирген БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү АКШ, Кытай, Орусия, Англия жана Франциядан турат.

Калган 10 мүчө өлкө БУУнун Башкы Ассамблеясында БУУнун 5 географиялык тобунун ичинен 2 жылга шайланат.

Убактылуу мүчөлөрдөн 5и жыл сайын жаңыланып турат.

Учурда Кеңешке мүчө болгон Ирландия, Норвегия, Индия, Кения жана Мексиканын мөөнөттөрү бул жылдын аягында бүтөт.

БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуп шайлануу үчүн 193 мүчөлүү БУУнун  башкы ассамблеясында боло турган шайлоодо жалпы добуштардын үчтөн эки бөлүгүн алуу керек.

 



Тектеш кабарлар