Ципрас Түркияга достук билдирүүсүн жөнөттү
Ципрас Сими аралында журналисттерге берген маегинде грек эли өз суверенитетин жана суверендүү укуктарын коргоо үчүн биримдикте экенин айтты.
Грециядагы негизги оппозиция лидери Алексис Ципрас Сими (Сөмбеки) аралына барып Түркияга достук жана диалог билдирүүсүн жөнөттү.
Ципрас Сими аралында журналисттерге берген маегинде грек эли өз суверенитетин жана суверендүү укуктарын коргоо үчүн биримдикте экенин айтып: «Айрыкча Эгейдин эки тарабы тең ырааттуулук жана тынчтыкка муктаж болуп турганда, кыймылдын күчөшүнө эч кандай себеп жок»,-деди.
Эки элдин ортосунда келише албай турган маселе жок экенин белгилеген Ципрас: «Мен ар дайым диалогду жана тынчтыкты колдогон коңшу өлкөнүн демократиялык жарандык күчтөрүнө кайрылам. Бул аракет мындан ары да улантылышы керек. Чыңалуунун эч кимге пайдасы жок»,- деди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.