БУУ Украинадан Европага баш калкалаган жарандар тууралуу билдирди

Украинадагы согуштан улам Европа өлкөлөрүнө баш калкалаган жарандардын саны 5 миллионго жакындады.

1840725
БУУ Украинадан  Европага баш калкалаган жарандар тууралуу билдирди

 

Бириккен Улуттар Уюмунун  Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын интернет сайтындагы билдирүүдө, Украинада согуш башталган 24 - февралдан бери өлкөдөн чыккан жарандарга байланыштуу акыркы сандар тууралуу маалымат берилди. 

Билдирүүдө 7-июндан тарта  Европанын 44 өлкөсүнө кабыл алынган украиналык баш калкалоочу  саны 4,8 миллион экени белгиленди. Бул качкындардын 3,2 миллиону убактылуу коргоого алынганы билдирилди.

Согуш башталгандан бери Украинага 2 миллион 300 миң адамдын кайтып келгени маалымдалды.

Баш калкалоочу эң көп болгон Польшада 1 миллион 100 миң украин болсо, Германияда 780 миң, Чехияда 366 миң, Италияда 125 миң, Испанияда 118 миң жана Түркияда 85 миң баш калкалоочунун бар экени жарыяланды.



Тектеш кабарлар