Россия Сирияга аскердик жүк жөнөттү

Жүк ташуучу учак менен  кыска жана орто аралыктуу абадан коргоо системасы Pantsir-S1 алып барылган.

1840055
Россия  Сирияга аскердик жүк жөнөттү

Орус армиясы Сирияда Хасекенин Камышлы районундагы Тартаб полку жана Камышлы аэропортунан «Тынчтык булагы» базасына аскердик жүктөрдү  жиберди.

Тел Темирдеги булактардан алынган маалыматка караганда  орус армиясы кечээ Камышлы районундагы Тартаб полку менен Камышлы аэропортунан Тел Темирдин түндүгүндө аскердик база катары колдонгон Абкар станциясына аскердик жүк ташыды.

Бирден көп орус тик учагы коштогон конвойдо 2 танк, радар системасы, Дочка Дочка үлгүсүндөгү зенит жана 8 персонал ташуучу бронетранспортер орун алды.

Орус армиясы 3 -  июнда Хасеке облусунда чоң бөлүгүн  ЙПГ/ПКК басып алган Камышлы районунда режимдин коргоосу астындагы аэропортко аскердик жүк ташуучу учагын жөнөттү.

Жүк ташуучу учак менен  кыска жана орто аралыктуу абадан коргоо системасы Pantsir-S1 алып барылган.

 



Тектеш кабарлар