Австрияда мечитке исламофобиялык кол салуу болду

Түркиянын Венадагы башкы консулу Жафер Мерт Өзмерт болсо мечитке келип, кол салуу тууралуу иликтөө жүргүздү.

1838991
Австрияда  мечитке исламофобиялык кол салуу болду

Австрияда бир мечиттин сырткы дубалына расистик жана исламга каршы жазуулар жазылды.

Төмөнкү Австриянын Солленау шаарындагы Жашыл мечиттин жооптуулары тарабынан жасалган билдирүүдө белгисиз бирөө мечиттин аймагына уруксатсыз кирип, сырткы дубалдарга исламга каршы жана расисттик билдирүүлөрдү жазгандыгы белгиленди.

Маалыматта, исламга каршы кол салуунун эң катуу айыпталганы жана мунун өлкөдөгү бардык мусулмандар менен дин эркиндигине жасалганы баса белгиленди.

Түркиянын Вена элчиси Озан Жейхун да кол салууну эң катуу айыптаганын айтып, коопсуздук күчтөрүнүн окуя тууралуу иликтөө баштаганын билдирди.

Жейхун бийликтердин кол салган адамды тез арада кармай турганына ишенгенин айтып : «Бул окуя Австрияда коомчулуктун тынчтыгын бузган акыркы расистик кол салуу болот деп ойлоймун»,- деди.

Түркиянын Венадагы башкы консулу Жафер Мерт Өзмерт болсо мечитке келип, кол салуу тууралуу иликтөө жүргүздү.



Тектеш кабарлар