Израиль 4 палестиналык балыкчыны камакка алды

Газадагы Палестиналык балыкчылар биримдигинин төрагасы Низар Аяш палестиналык балыкчылардын бүгүн эртең менен Газа жээгине жакын жерде Израиль уруксат берген чектерде балык кармаганын билдирди.

1837649
Израиль 4 палестиналык  балыкчыны камакка алды

Израиль аскерлери блокададагы Газа тилкесинин жээктеринде 4 палестиналык балыкчыны камакка алды.

Газадагы Палестиналык балыкчылар биримдигинин төрагасы Низар Аяш палестиналык балыкчылардын бүгүн эртең менен Газа жээгине жакын жерде Израиль уруксат берген чектерде балык кармаганын билдирди.

Израиль күчтөрүнүн желим ок менен кемени бутага алганын жана 4 балыкчыны камакка алгандыгын белгилеген Аяш балыкчылардын Усдуд портуна жеткирилгенин айтты. Аяш Израиль деңиз күчтөрүнүн бүгүн эртең менен дагы эки балыкчыны кармаганын, кийин аларды койо бергенин айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар