Швециянын премьер - министри Түркия менен сүйлөшкөндөрүн айтты

Магдалена Андерссон борбор шаар Стокгольмдо БУУнун башкы катчысы Гутерриш менен да жолугушту.

1836264
Швециянын премьер  - министри Түркия менен сүйлөшкөндөрүн айтты

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон Түркия менен сүйлөшүү өткөргөндөрүн, конструктивдүү жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жакынкы келечекте улантууну  күтүшкөндөрүн айтты.

Магдалена Андерссон борбор шаар Стокгольмдо өткөрүлгөн конференцияга катышкан Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Антонио Гутерриш менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Андерссон Түркия менен Швециянын ортосундагы НАТО сүйлөшүүлөрүнө токтолду. Андерссон :"Биз Түркия менен сүйлөштүк, жакынкы келечекте конструктивдүү жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү улантууну чыдамсыздык менен күтүп жатам.Бул маселе боюнча Финляндия менен бирге аракет кылып жатабыз",- деди. 



Тектеш кабарлар