Россия Украинанын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Игорь Конашенков Украинада бир күндүн ичинде Донецк облусунда Су-25 учагын жана Харьков облусунда Ми-8 аскердик тик учагын атып түшүрүшкөнүн билдирди.

1836201
Россия Украинанын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинада бир күндүн ичинде Донецк облусунда Су-25 учагын жана Харьков облусунда Ми-8 аскердик тик учагын атып түшүрүшкөнүн билдирди.

Катчы Конашенков Украинадагы согушта орус армиясынын кыймылдары тууралуу маалымат берди. 

Орус куралдуу күчтөрүнүн Украинада чабуулдарын улантып жаткандыгын айткан  Конашенов Украина армиясына таандык 5 командирлик борбору, аскердик бөлүктөр жана техникалык каражаттар орун алган 29 аймактын жогорку тактыктагы ракеталар менен  атылгандыгын айтты. 

Абадан согуштук тактикалык бөлүктөрдүн 61 аскердик аймакты жок кылганын белгилеген Конашенков, бул кол салуулардын натыйжасында 140тан ашуун украин улутчул күчтөрүнүн таасирсиз абалга келгендигин билдирди.

Орус абадан коргонуу системаларынын Украина аба күчтөрүнө таандык 1 Су-25 согуштук учагын Донецк аймагындагы Сергеевки отурукташуу жерине жакын жерде жана Харьков облусунда Ми-8 үлгүсүндөгү 1 тик учагын атып түшүргөнүн белгилеген Конашенков Донецк жана Харьков, Херсон аймактарында  Украинанын 7 учкучсуз учуучу аппаратын  жок кылганын айтты.

Ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн 128 башкаруу борборун, 169 артиллериялык позициясын жана 623 аскердик аймакты аткандыгын белгилеген Конашенков, бул кол салууларда 200гө жакын украин улутчул күчтөрү, 155 мм M777 жана 203 мм 2С7Пион да болгон 24 аскердик техникалык унаанын таасирсиз абалга келтирилгендигин  айтты.

Конашенков : «Учурда Украинага таандык 185 учак, 129 тик учак, 1077 учкучсуз учуучу аппарат, 326 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3 миң 363 танк жана бронетехника, 457 көп стволдуу ракета аткычтар, 1744 гаубица жана минометтор, 3 миң 329 атайын аскердик техника жок кылынды",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар