New York Times гезити Франциянын Гаитиден чогулткан салык менен борбор шаар Парижди курганын жазды

Гезиттин «Ranson» (Ransom) аттуу кеңири маалыматында Эйфель мунарасынын курулушун каржылаган француз банкы Crédit Industriel et Commercial (CIC) Гаитиден «көз карандысыздык баасы» деген ат менен акча алганы айтылган.

1831907
New York Times гезити Франциянын Гаитиден чогулткан салык менен борбор шаар Парижди курганын жазды

Америкада чыккан New York Times гезити Франциянын Гаитиден чогулткан салык менен борбор шаар Париждин, анын ичинде Эйфель мунарасынын структуралык пландоосун жасаганын жазды.

Гезиттин «Ranson» (Ransom) аттуу кеңири маалыматында Эйфель мунарасынын курулушун каржылаган француз банкы Crédit Industriel et Commercial (CIC) Гаитиден «көз карандысыздык баасы» деген ат менен акча алганы айтылган.

Гезитте Гаитинин 64 жылдан бери Францияга жасаган төлөмдөрүнүн бүгүнкү күндө болжол менен 560 миллион долларга жеткени белгиленди.

CIC 19-кылымдын аягы жана 20-кылымдын башында Гаити казынасынан Францияга миллиондогон долларларды которгон деген божомолдор бар.

Кабарда колониялык мезгилдеги банктын дээрлик бардык архивдери жок кылынганы бөлүшүлгөн.

Айтылган дооматтардын чордонунда турган банк бул маселени иликтей баштаары белгиленди.

Жаңылыктар англис, француз жана гаити тилдеринде берилди.

Белгилүү гаитилик журналист Нэнси Рок кабардын гаити тилинде да берилгенин баса белгилеп: «Бүгүн Гаити үчүн кыла турган эң чоң кызмат бул изилдөө отчетун окуу»,-деди.

Эгерде француздар эки кылымдан ашык убакыт мурда эгемендигин жарыялагандан кийин согуш коркунучу астында акча талап кылбаганда, дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бири болгон Гаити бүгүн бир топ башкача абалда болмок экени айтылды.



Тектеш кабарлар