Байден Украинага жардам берүү чечимине кол койду

Сентябрга чейин Украинага колдоо көрсөтүүгө багытталган жардам пакетинин алкагында АКШ 20 миллиард долларлык аскердик жардам берет.

1830128
Байден Украинага жардам берүү чечимине кол койду

Азия сапарын уланткан Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден 24 - февралдан бери Россиянын кол салуусуна дуушар болгон Украинага 40 миллиард долларлык жардам пакетине кол койду.

Сентябрга чейин Украинага колдоо көрсөтүүгө багытталган жардам пакетинин алкагында АКШ 20 миллиард долларлык аскердик жардам берет.

Америка Кошмо Штаттары Украинага жалпы экономикалык колдоо үчүн 8 миллиард доллар, өлкөнүн айыл чарбасынын кыйрашынан улам келип чыгышы мүмкүн болгон дүйнөлүк азык-түлүк тартыштыгына 5 миллиард доллар жана качкындарга жардам үчүн 1 миллиард доллар бөлөт.

19-майда АКШ сенаты Байден Украинага 33 миллиард доллар талап кылган жардам пакетин жактырды, ал эми Өкүлдөр палатасы аны 40 миллиард долларга көбөйттү.

Байдендин макулдугу менен пакет расмийлешти. 



Тектеш кабарлар