Россия Украинанын жоготуусу тууралуу билдирди

Игорь Конашенков Украинага тиешелүү 172 учак, 125 тик учак жана 3168 танк жана бронетранспортердун жок кылынганын билдирди.

1829958
Россия Украинанын жоготуусу тууралуу билдирди

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинага тиешелүү 172 учак, 125 тик учак жана 3168 танк жана бронетранспортердун жок кылынганын билдирди.

Конашенков Украинадагы согушта (24-февралда башталган) орус аскердик бөлүктөрүнүн аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

Украинадагы кол салуулардын уланып жатканын белгилеген Конашенков Донецктеги Бахмут, Берестовое, Соледар, Покровское, Констаниновка жана Масляковка отурукташуу жерлеринде 4 башкаруу борбору, аскердик бөлүктөр жана  техникалык унаалар болгон  45  аймак, 7 ок-дары жана күйүүчү май кампаларынын атылганын айтты. 

Конашенков булардан тышкары Северскага жакын жердеги Оса-АКМ абадан коргонуу ракета системасын жана Харьков аймагында С-300 абадан коргонуу ракета системасынын багыттоо жана радар системасын жок кылгандарын билдирди.

Орус аба согуштук тактикалык бөлүктөрүнүн 3 башкаруу борбору жана украин аскерлери менен курал-жарактары жайгашкан 47 аймакка сокку урганын билдирген Конашенков, бул кол салуулардын натыйжасында 280 улутчул куралдуу күч жана 59 аскердик техникалык унаанын таасирсиз абалга келгенин айтты.

Ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн 12 командалык борбор жана 213 аймакты аткылаганын белгилеген Конашенков, Харьков жана Херсон аймактарында абадан коргонуу системаларынын Украинанын 10 учкучсуз учуучу аппаратына абадан сокку урганын айтты.

Конашенков : «Учурда 172 учак, 125 тик учак, 952 учкучсуз учуучу аппарат, 314 абадан коргонуу ракета системасы, 3 миң 168 танк жана броне унаа, 396 көп стволдуу ракета аткычтар, 1571 гаубица жана минометтор, 3 миң 39 аскердик  унааны  жок кылдык",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар