Түштүк Кореяда Көк сарай элге ачылды
Сарайды күндө 39 миң киши келип көрүүдө.
Түштүк Кореяда мамлекет башчысынын расмий резиденциясы болгон Көк сарайы 74 жылдан кийин элге ачылып, миңдеген киши келип көрүүдө.
Жаңы мамлекет башчысы Юн Сук Ёлдун биринчи болуп аткарган иштеринин бири Көк сарайдыгы президенттик кеңселерди көчүрүү жана элге ачуу болду. Сарайды күндө 39 миң киши келип көрүүдө.
Юн шайлоодогу убадаларынын бири болгон Көк сарайдын элге ачылышы үчүн президенттик кеңселери 5 километр алыстыктагы Коргоо министрлигинин кампусуна көчүрүлдү.
АКШдагы Ак үйгө окшогон сарай курууну максат кылгандыгын белгилеген Юн жаңы кеңселердин эл менен дагы жакшы байланыш түзөрүн айтты. Юндун сарайды көчүрүү планы шашылыш болгондугу жана реалдуулуктан алыс деген сындарга дуушар болду.
Көкө сарай Юн кызматын баштаган биирнчи күн болгон 10 - майда элге ачылды.