Украинадагы болот комбинатына күйүп жаткан ок-дарылар жаады

Окуя Мариуполь портундагы «Азовсталь» металлургиялык заводунун үстүндө болду.

1828114
Украинадагы болот комбинатына күйүп жаткан ок-дарылар жаады

Украинанын Мариуполь портундагы «Азовсталь» металлургиялык заводуна ак жана жаркыраган бөлүкчөлөр болуп күйүп жаткан ок-дарылар жаады. Британ аскерий экспертинин айтымында, бул окуя алыстан фосфор же ок атуучу курал менен жасалган чабуулга окшойт. Окуяны чагылдырган видеону Донецктеги орусиячыл жана бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган орус аскердик бөлүктөрүнүн командири Александр Ходаковский Telegram мессенжерине жайгаштырган.



Тектеш кабарлар