Орус армиясы Украинадагы согушта бир суткада дагы 2300 аскеринен ажырады
Украина Башкы штабынын орус армиясынын 24-февралдан 16-майга чейин жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 2300 аскерин жоготкондугу билдирилди.
Украинанын Башкы штабы орус армиясынын 27 миң 700 аскерин, 200 учагын, 165 тик учагын жана 1228 танкын жоготконун билдирди.
Украина Башкы штабынын орус армиясынын 24-февралдан 16-майга чейин жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 2300 аскерин жоготкондугу билдирилди.
Билдирүүдө орус армиясынын жалпы 27 миң 700 аскерин жоготкондугу, орустарга таандык 200 учак, 165 тик учак, 1228 танк, 2 миң 974 броне унаа, 577 замбирек, 195 ракета аткыч жана 89 абадан коргонуу системасынын жоголгону белгиленди. талкаланган.
Билдирүүдө орус күчтөрүнүн 2101 унаа, 13 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык жана 427 учкучсуз учуучу аппаратынан ажыраганы, орустар тарабынан учурулган 97 канаттуу ракетанын да Украина абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атылып жок кылынганы белгиленди.
Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.