Россиянын Украинадагы жоготуулары

Россиянын Коргоо министрлигинин 25 - марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.

1825960
Россиянын Украинадагы жоготуулары

Украинанын Башкы штабы 24 - февралдагы согуш башталгандан бери орус армиясы 26 650 аскерин, 199 учагын, 161 тик учагын жана 1195 танкын жоготкондугун билдирди.

Украинанын Башкы штабынын орус армиясынын 24-февралдан 12-майга чейинки жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 300 аскерин жоготкондугу белгиленди.

Билдирүүдө орус армиясынын жалпы 26 миң 650 аскери менен 199 учак, 161 тик учак, 1195 танк, 2 миң 873 броне унаа, 534 замбирек, 191 ракета атуу системасы жана 87 абадан коргонуу системасын жоготкондугу билдирилди. 

Ошондой эле  орус күчтөрүнүн 2019 унаа, 13 кеме, жеңил ылдамдыктагы кайык жана 398 учкучсуз учуучу аппаратын жоготкондугу маалымдалып, орустар тарабынан учурулган 94 канаттуу ракетанын да Украина абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атылып жок кылынгандыгы айтылды.

Россиянын Коргоо министрлигинин 25 - марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген. 



Тектеш кабарлар