Байден : "АКШда Ковид - 19дан улам бир миллион киши каза болду"

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден өлкөдө Ковид-19дан улам   бир миллион адамдын каза болгонун билдирди.

1826079
Байден : "АКШда Ковид - 19дан улам бир миллион киши каза болду"

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден өлкөдө Ковид-19дан улам   бир миллион адамдын каза болгонун билдирди.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү билдирүүгө караганда, Жо Байден Ковид-19дан  бир миллион америкалыктын каза болушунан улам  «бүгүн трагедиялуу бурулуш жери» болгондугун белгиледи.

Эпидемиядан улам каза болгон кишилердин артында бир үй  - бүлө, бир коом жана бир улутту калтыргандыгын баса белгилеген Байден : "Тамактануу столунун  айланасында бир миллион бош орундук бар. Алардын ар бири орду толтурулгус бир жоготуу",- деди. 

АКШнын президенти  улут катары мындай кыйынчылыкка   кайдыгер карабоо керектигин айтып : "Биз бул эпидемияга каршы сергек болушубуз керек жана мүмкүн болушунча көп адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн колубуздан келгендин баарын  аткарышыбыз керек",- деди. 
 



Тектеш кабарлар