Жер ортолук деңизинде кеме чөктү: 44 адам каза болду

Мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин Канар аралдарына барууга аракет кылып жатканда чөгүп кеткени кабарланды.

1823969
Жер ортолук деңизинде кеме чөктү: 44 адам каза болду

Батыш Сахара жээгинен жолго чыгып, Испаниянын түштүк-батышындагы Канар аралдарына барууга аракет кылган мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин чөгүп кетишинен 44 кишинин каза болгону билдирилди.

Испаниялык бейөкмөт уюму Caminando Fronteras тарабынан жасалган билдирүүдө, Атлантика океаны менен жээктеш Батыш Сахаранын батышындагы Божадордон жолго чыккан мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин Канар аралдарына барууга аракет кылып жатканда чөгүп кеткени, ичиндеги 44 адамдын каза болгону, 12 адамдын болсо аман калганы кабарланды.

Ушундай эле окуя 11-мартта да ушул эле аймакта болуп, кеменин чөгүп кетишинен 40тан ашуун мыйзамсыз мигрант, анын ичинде аялдар жана балдар каза болгон.

Түндүк Африканын жээктеринен Канар аралдарына иммиграция жыл башынан бери дээрлик 60 пайызга өссө, Испанияга 7 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант өттү.



Тектеш кабарлар