Конгодо алтын кенине кол салуу болуп көп сандаган адамдар каза тапты

КДКнын Итури провинциясындагы Мамбилидей шаарында Конго өнүктүрүү кооперативинин (CODECO) мүчөлөрү алтын кенине кол салышты.

1824058
Конгодо алтын кенине кол салуу болуп көп сандаган адамдар каза тапты

Конго Демократиялык Республикасынын Итури провинциясында  алтын кенине  кол салууда алгачкы маалыматтарга караганда 50 киши каза болду.

КДКнын Итури провинциясындагы Мамбилидей шаарында Конго өнүктүрүү кооперативинин (CODECO) мүчөлөрү алтын кенине кол салышты.

Итури мамлекеттик жарандык коом топторунун координатору Жан Боско: «Кол салууда кеминде 50 карапайым тургун набыт болду. Үйлөр өрттөлдү. CODECO куралчандары массалык кыргын жасашты», - деди ал.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын маалыматы боюнча, CODECO өткөн жылы Итури жана коңшулаш Түндүк Киву провинциясында 400дөн ашуун адамдын өмүрүн кыйган.



Тектеш кабарлар