Украинадагы айылдык мектепке кол салуу, балдардын өлүмү, эвакуациялар, Орусиянын жоготуулары...

Украинанын Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай төмөнкүлөрдү өзүнүн Телеграмм эсебиндеги билдирүүсүндө бөлүштү.

1823618
Украинадагы айылдык мектепке кол салуу, балдардын өлүмү, эвакуациялар, Орусиянын жоготуулары...
azovstal
ukrayna mariupol

Украинанын Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай, Билогоровка айылындагы мектеп орус күчтөрүнүн абадан чабуулунан талкаланганын жана мектептин бункериндеги 60 киши каза болушу мүмкүн экенин билдирди.

Гайдай өзүнүн Телеграмм эсебиндеги билдирүүсүндө: «7-майда Билогоровка айылындагы мектепке абадан кол салууда имарат урап, өрт чыкты. Өрт 4 сааттык иштөөдөн кийин өчүрүлдү. 7 адам жабыркаган 30 адам урандылардын астынан чыгарылды. Болжол менен урандылардын астында калган 60 адам каза болду»,-деп  бөлүштү.

Гайдай орус күчтөрүнүн абадан кол салуусунда Шипилово айылында эки кабаттуу турак жайдын талкаланганын, урандылардын астында 11 кишинин калганын белгиледи.

Украинанын башкы прокурорунун билдирүүсүндө орус армиясынын бомбалоосунан 1635 билим берүү мекемесинин зыянга учураганы, булардын 126сынын толугу менен талкаланганы белгиленди.

Билдирүүдө Орусиянын кол салуулары башталган 24-февралдан бери 225 баланын каза болгону, 413 баланын жараланганы белгиленди.

Бир тараптан Орусиянын курчоосунда калган Украинанын Мариуполь шаарындагы «Азовсталь» комплекстериндеги бардык аялдар, балдар жана кары-картаңдардын эвакуацияланганы билдирилди.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Мариуполдогу гуманитардык операциянын алкагында Азовсталдагы бардык аялдар, балдар жана кары-картаңдар куткарылганын билдирди.

Верещук: «Президенттин тапшырмасы аткарылып, Азовсталдагы бардык аялдар, балдар жана кары-картаңдар эвакуацияланды. Мариуполь гуманитардык операциясынын бул бөлүгү аяктады»,-деп айтты.

Ал ортодо Украина «Чек арасыз дарыгерлер» уюмун Орусия көзөмөлдөгөн Мариуполь шаарындагы Азовсталь объектилеринен коргоочуларды эвакуациялоо үчүн миссия түзүүгө чакырды.

Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарды реинтеграциялоо боюнча министри Ирина Верещук Чек арасыз дарыгерлер уюмунун Украинадагы директору Мишель-Оливье Лахаритеге кат жазды.

Катта Азовсталда курчоого алынган коргоочулар медициналык жардам ала албагандыгы, алардын физикалык жана психологиялык абалы начарлап кеткендиги белгиленип, бул абал Бириккен Улуттардын Уюмунун Уставына терс түшөөрү баса белгиленген.

Катта «Чек арасыз дарыгерлердин» иш принциптерине токтолуп, Мариуполь менен Азовсталдан адамдарды эвакуациялоо жана адам укуктары бузулган жарадарларга медициналык жардам көрсөтүү боюнча миссия түзүүнү талап кылган.

Бир тараптан Украина Башкы штабынын орус армиясынын 24-февраль - 8-май аралыгындагы жоготууларга байланыштуу билдирүүсүндө орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 400 аскерин жоготкондугу белгиленди.

 

Билдирүүдө орус армиясынын жалпы 25 миң 500 аскерин жоготкондугу жана орустарга таандык 199 учак, 156 тик учак, 1130 танк, 2 741 бронетехника, 509 артиллерия, 179 ракета атуу системасы жана 86 абадан коргонуу системасынын жок кылынганы баса белгиленди.

Ошондой эле орус күчтөрүнүн 1961 унаа, 12 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык жана 360 учкучсуз учуучу аппаратынан ажырагандыгы билдирилип, орустар тарабынан учурулган 92 канаттуу ракетанын Украина абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атып түшүрүлгөнү белгиленди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар