Украина: «Согуш учурунда 10 медицина кызматкери каза болду»

Украинанын саламаттыкты сактоо министри Виктор Ляшко менен ДССУнун баш катчысы Тедрос Адханом Гебреисус Украинанын борбор шаары Киевде маалымат жыйын өткөрүштү.

1823564
Украина: «Согуш учурунда 10 медицина кызматкери каза болду»

Украинанын саламаттыкты сактоо министри Виктор Ляшко өлкөсүндөгү согушта 10 медицина кызматкери каза болгонун билдирди.

Ляшко менен Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) баш катчысы Тедрос Адханом Гебреисус Украинанын борбор шаары Киевде маалымат жыйын өткөрүштү.

Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушка токтолгон Ляшко: «Согуш учурунда медицина кызматкерлеринен 10 адам каза болуп, 40 адам жарадар болду»,-деди.

Өлкө боюнча 40 оорукананын толугу менен талкаланганын белгилеген Ляшко: «500гө жакын оорукана зыянга учурады жана ал жакта кызмат көрсөтүү мүмкүн эмес. Бул ДССУнун принциптерине каршы келет. Орусия тыюу салынган куралдарды колдонуп, бардык эл аралык конвенцияларды бузуп жатат. Мен бардык кесиптештеримден Орусиянын эркин Украинаны жайына коюусу үчүн колдон келгендин баарын жасоосун суранам»,-деп айтты.

ДССУнун башкы катчысы Гебреисус саламаттыкты сактоо системасы согуш учурунда бутага алынбашы керектигин баса белгилеп: «Орусия Украинага каршы согуш баштагандан бери ДССУ 15 000 ооруканага колдоо көрсөтүп, 650 киши медициналык каражаттар менен камсыз болду», - деди.

Украинанын кошуна өлкөлөрүндөгү украин жарандарына да колдоо көрсөткөндөрүн билдирген Гебреисус: «Украинанын батыш аймагында ДССУнун иштери аркылуу эвакуацияларды колдоо үчүн 3 ден-соолук борбору ишке киргизилди»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар