Кубадагы мейманканада болгон жарылууда каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Издөө-куткаруу иштеринин уланганы бөлүшүлгөн билдирүүдө ооруканада дарылануусу уланып жаткан 10 кишинин абалынын оор экени белгиленди.

1823523
Кубадагы мейманканада болгон жарылууда каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Кубанын борбор шаары Гаванада 6-майда мейманканада болгон жарылуудан каза болгондордун саны 32ге жетти.

Кубанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жасалган билдирүүдө каза болгондордун саны дагы 6га көбөйүп 32ге жеткени, жаракат алгандардын саны 80ге жеткени, алардын 15инин жаш балдар экени билдирилди.

Издөө-куткаруу иштеринин уланганы бөлүшүлгөн билдирүүдө ооруканада дарылануусу уланып жаткан 10 кишинин абалынын оор экени белгиленди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жардыруудан 19 адам дайынсыз жоголгондугун, каза болгондордун арасында бирөө кош бойлуу аял менен 4 бала бар экенин айтышууда.

Кечээ ооруканада жаралуулардын ал абалын сураган президент Мигель Диас-Канель окуянын теракт эмес, бактысыз кырсык болгонун эске салып, жарандарды кан тапшырууга чакырды.

Кубалык басма сөздө мейманканада бир канча убакыттан бери уланып жаткан жаңылоо иштеринин алкагында түтүктөргө газ агып жатканда жарылуунун болгону айтылды.

Ковид-19 эпидемиясынан улам 2 жылдан ашык жабылган жана 10-майда ачылышы күтүлгөн тарыхый мейманкана 1880-жылы курулуп, 1933-жылдан бери мейманкана катары кызмат кылып келе жатканы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар