Путиндин Лавровдун айткан сөздөрү үчүн кечирим сурагандыгы айтылууда

Израиль өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Беннетт менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү.

1823045
Путиндин  Лавровдун айткан сөздөрү үчүн кечирим сурагандыгы айтылууда

Россиянын президенти Владимир Путин Израилдин премьер-министри Нафтали Беннеттен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун  "Гитлер еврей тектүү" деген сөздөрү үчүн кечирим сурады.

Израиль өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Беннетт менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү.

Билдирүүдө эки тараптын Лавровдун «Гитлер еврей тектүү», «Эң чоң антисемитисттердин еврейлердин өздөрү болгон» деген сөздөрү тууралуу сүйлөшкөндөрү бедгиленди. Беннеттин Лавровдун айткандары үчүн  "Путиндин кечирим суроосун кабыл алганы, еврей калкына  жана Холокостко байланыштуу  түшүндүргөндүгү үчүн" ыраазычылык билдиргени маалымдалды.

Телефон аркылуу сүйлөшүүгө байланыштуу Кремлден жасалган билдирүүдө Владимир Путиндин Нафтали Беннетти жана Израил элин 9 - май эгемендүүлүк күнү менен куттуктаганы айтылды.

Билдирүүдө : «Россиянын президенти геттолордо жана концлагерлерде кыйноого кабылган жана фашисттер тарабынан өлтүрүлгөн 6 миллион еврейдин 40 пайызы СССРдин жарандары экенин эске салып, Израилде жашаган ардагерлерге  ден соолук жана бакубатчылык каалоолорун билдирүүсүн суранды",- деп белгиленди.  Кремлдин билдирүүсүндө Путиндин кечирим сураганы тууралуу маалымат жок болсо да, орус лидеринин Беннетти жана Израил элин Израилдин эгемендүүлүк күнү менен куттуктаганы кабарланды.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Гитлердин еврей тектүү экенин айткан сөздөрүнө Израилде эң жогорку деңгээлде каршылык көрсөтүлүп,  Россиянын Тель-Авивдеги элчиси Израилдин Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Сириядагы аскердик кыймыл эркиндигин эске алган Израиль Россия менен мамилесин сактап калууда кыйынчылыкка дуушар болууда жана бул үчүн этияттык менен аракет кылууда.



Тектеш кабарлар