Израилде кол салуу болду

Кол салууда 3 киши каза болду.

1823003
Израилде кол салуу болду

Израилдин Элад шаарындагы кол салууда алгачкы маалыматтарга караганда 3 киши каза болуп, 2си оор 4 киши жараланды.

Израилдин Коомдук телерадио уюму КАНдын маалыматына караганда Элад шаарындагы кол салууда 3 киши каза болду.

Израиль полициясынын 2 киши экени айтылган кол салуучуларды кармоо үчүн издөө иштерин баштаганы белгиленди.

Израилдин чукул жардам уюму Давид Кызыл Жылдызынан жасалган билдирүүдө кол салууда каза болгон 3 киши менен бирге 2си оор 4 кишинин да жараланганы билдирилди.

Бир тараптан Израиль полициясынын билдирүүсүндө, кол салуу болгон аймакка айланадагы аймактардан күчтөндүрүлгөн коопсуздук топторунун багытталгандыгы белгиленди.

Кол салгандардын өздүгү жана кол салуу кантип жасалганы тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар