Crew-3 тобу кайтып келди

11-ноябрда космоско жөнөтүлгөн астронавт тобу "Endurance" аттуу Dragon капсуласы менен Жерге кайтып келди.

1822948
Crew-3 тобу кайтып келди

Американын космостук кеме жана ракета чыгаруучу SpaceX компаниясынын Crew-3 тобу, Эл аралык космос станциясынан (ЭКС) Жерге кайтып келди. Алар Эл аралык космос станциясында 6 ай болушту.

«Space.com» сайтында орун алган кабарга караганда Американын космос жана авиация агенттигинен (NASA) 3 жана Европа Космос агенттигинен 4 астронавт Американын Флорида штатынын жээгиндеги Мексика булуңуна конду.

11-ноябрда космоско жөнөтүлгөн астронавт тобу "Endurance" аттуу Dragon капсуласы менен кайтып келди.

Crew-3 тобу Эл аралык космос станциясында жүздөгөн эксперименттерди жана космостук жүрүштөрдү аткарып, күн панелдерин иштеп чыгуу үчүн да изилдөө жүргүзүштү.

Электрондук микроскопту да сынаган топтун 4-майга пландалган сапары аба ырайынын ыңгайсыздыгынан улам кечиккен.



Тектеш кабарлар