Кытай жерди байкоо спутниктерин учурду
Кытай жерди байкоо боюнча спутник тармагынын бир бөлүгү болгон 8 даана JILIN-1 спутнигин космоско учурду.
1822587
Кытай жерди байкоо боюнча спутник тармагынын бир бөлүгү болгон 8 даана JILIN-1 спутнигин космоско учурду.
Синьхуа агенттигинин кабарына караганда бир Jilin-1 Kuanfu 01C менен 7 даана Jilin-1 Gaofen 03D спутниги Long March 2D ракетасы менен Шанши провинциясындагы Тайюань спутник борборунан учурулду.
Спутниктердин пландалган орбитага жеткендиги белдирилди.
Бул учуруу " Long March" ракеталары менен 418- ийгиликтүү космостук миссиясы болду.
Спутниктер жерди көзөмөлдөө, шаар куруу жана табигый кырсыктарды көзөмөлдөө үчүн аралыктан зонддоо кызматтарын көрсөтүүгө багытталган.
Кытай жерди спутниктен да так байкоо үчүн 2010-жылы биринчи жолу Гаофин спутниктерин чыгара баштаган, биринчи спутниги Гаофин-1 2013-жылы космоско учурулган.