Индияда катуу ысыктан улам 25 адам каза болду

Муссон жамгырларынын  15 -  майдан тарта башталары билдирилди.

1822274
Индияда катуу ысыктан улам 25 адам каза болду

Индияда 25 адам каза болгон ысык аба жаандан улам салкындады. ANI Newsтын кабарына караганда өлкөдө айрым аймактарда жаан  - чачындын болушу менен аба салкындады. 

Индиянын Метеорология департаменти катуу шамал жана нөшөрдүн Дели, Уттар - Прадеш жана Харьяна аймактарында улана турганын билдирди.

Муссон жамгырларынын  15 -  майдан тарта башталары билдирилди. Акыркы жумаларда Индия жана Пакистан башта болгон субконтиненттин көптөгөн жеринде абанын ысыктыгы  коркунучтуу деңгээлде жогорулады.

Индиянын борбор шаары Делиде 28 -  апрелде абанын температурасы 40 градустан жогоруга чыкты. Өлкөнүн  чыгышындагы Одиша провинциясында мектептер бир жумага жабылып, өлкөдө көптөгөн аймакта ысыктык 45 градустан жогорулады. Катуу ысыктан улам 25 кишинин каза болгондугу билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар