Путин менен Макрондун телефондогу сүйлөшүүсү

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлден жасалган билдирүүдө Путиндин Макронду телефон аркылуу кайра шайлануусу менен куттуктаганы билдирилди.

1821782
Путин менен Макрондун телефондогу сүйлөшүүсү

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен “Украинадагы кырдаалды жана дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун” талкуулады.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлден жасалган билдирүүдө Путиндин Макронду телефон аркылуу кайра шайлануусу менен куттуктаганы билдирилди.

Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашкан билдирүүдө Путин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуусунда жетишилген макулдашууга ылайык, Украинадагы чабуул, анын ичинде Мариуполдогу Азовсталь металлургиялык заводунан жарандардын эвакуацияланышы тууралуу маалымат берди..

Билдирүүдө,«Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө мамлекеттердин Украинанын коопсуздук күчтөрүнүн согуш кылмыштарын көрмөксөнгө салуусуна, Донбасста шаарларды жана айылдарды катуу бомбалоосуна жана анын натыйжасында жайкын тургундардын өлүмүнө көңүл бурулду. Батыштын Украинага курал-жарак берүүнү токтотуу менен бирге Киев бийлигине тиешелүү таасирди көрсөтүп бул мыкаачылыкты токтотууга жардам бере алары белгиленди»,делди.

Украина менен болгон сүйлөшүүлөргө байланыштуу Путиндин Киевдин ыраатсыздыгына жана олуттуу ишке даяр эместигине карабастан орус тарап дагы эле диалогго ачык экени баса белгиленген билдирүүдө,«Франция тарап азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча пайда болуп жаткан глобалдык проблемага тынчсыздануусун билдирди. Бул контекстте Владимир Путин бул маселе боюнча абал биринчи кезекте батыш өлкөлөрүнүн санкцияларынан улам татаалдашып жатканын баса белгилеп, глобалдык логистикалык жана транспорттук инфраструктуранын тоскоолдуксуз иштешинин маанилүүлүгүнө көңүл бурду»,деген сөздөргө орун берилди.

Билдирүүдө ар кандай деңгээлдеги байланыштарды улантуу чечими кабыл алынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар