Орус армиясынын жоготуулары

Украинанын Башкы штабы маалымат берди.

1821965
Орус армиясынын жоготуулары

Орус армиясынын 24 миң 500дөй аскерин, 194 учагын, 155 тик учагын жана 1077 танкасын жоготкону билдирилди.

Украинанын Башкы штабы, орус армиясынын 24-февралдан 4-майга чейинки жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө, Украинага кол салган орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 300 аскеринен ажыраганын жарыялады.

Билдирүүдө орус армиясынын жалпы 24 миң 500 аскери жана орустарга таандык 194 учак, 155 тик учак, 1077 танк, 2 миң 610 бронетехника, 491 замбирек, 163 ракета атуу системасы жана 81 абадан коргонуу системасынын жок кылынганы белгиленди.

Орус күчтөрү ошондой эле 1867 унаа, 10 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил катер жана 303 учкучсуз учуучу аппаратынан ажырады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө, Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгилен эле. 



Тектеш кабарлар