Ооганстанда 10 провинцияны сел каптады

Талибан башкаруусунун табигый кырсыктар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик министринин орун басары Мевлеви Шерафеддин Муслим өлкөдө болгон сел тууралуу билдирүү жасады.

1822067
Ооганстанда 10 провинцияны сел каптады

Ооганстандын 10 провинциясында таасирдүү болгон нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон селден алгачкы аныктамалар боюнча 18 киши каза болду.

Талибан башкаруусунун табигый кырсыктар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик министринин орун басары Мевлеви Шерафеддин Муслим өлкөдө болгон сел тууралуу билдирүү жасады.

Муслим өлкө боюнча 10 облуста нөшөрлөп жааган жамгырдан пайда болгон селден улам 18 кишинин каза болгонун, 30 кишинин жараланганын белгиледи.

Кырсык болгон аймактарга издөө-куткаруу топторунун жөнөтүлгөнүн белгилеген Муслим, каза болгон жана жаралангандардын санынын дагы артышы мүмкүн экенин айтты.

Селден кеминде 100 үй кыйрап, ондогон малдын кырылып калганын белгилеген Муслим селден жабыркагандардын жоготууларын жабуу үчүн колдон келишинче каржылык колдоо көрсөтө тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар