Жо Байден мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Байден АКШда жана дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жашаган мусулмандар үчүн Айт куттуктоосун жарыялады.

1821327
Жо Байден мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Байден АКШда жана дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жашаган мусулмандар үчүн Айт куттуктоосун жарыялады.

Куттуктоосунда: «Жубайым Жилл экөөбүз АКШдагы жана дүйнөнүн төрт бурчундагы мусулмандарды майрамы менен куттуктайбыз» деген Байден, дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде жер которгон качкындар жана үй-бүлөлөр үчүн майрамдан улам дуба кылгандарын айтты.

Жо Байден ошондой эле бул айтта Ак үйдө Орозо айт иш-чарасын өткөрүү салтынын кайрадан уланарын белгиледи.

Иш-чарага америкалык мусулман аалымдарынын катышары кабарланды.



Тектеш кабарлар