Түрк аба жолдоруна Бельгиядан сыйлык

Брюссель аэропортунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, авиация сыйлыктары ээлерин тапты.

1820310
Түрк аба жолдоруна Бельгиядан сыйлык

Бельгияда Брюссель аэропорту фирмасы, Түрк аба жолдоруна (THY) Кыска аралыкта аба жолдору өнүктүрүү сыйлыгын тапшырды.

Брюссель аэропортунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Брюссель аэропортунун 2021-жылкы авиация сыйлыктары ээлерин тапты.

2021-жылы тактык жана ийгилик, тармакты өнүктүрүү, коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өзгөчөлөнгөн авиакомпанияларга 12 сыйлык берилди.

THY, Бельгиядагы түрк коомчулугуна кызмат кылуу үчүн тыгыз учуу графигин ишке ашырып, быйыл Анталья жана борбор шаар Анкарага жаңы каттамдарды баштагандыгы үчүн Кыска аралыкта аба жолдору өнүктүрүү сыйлыгы менен сыйланды.

Билдирүүдө: «Досторду жана үй-бүлөлөрдү кайрадан жолугуштуруу, карантин жана саякатка тыюу салуудардан кийин болуп көрбөгөндөй маанилүү болду», деп айтылды.



Тектеш кабарлар