Ф-16нын Түркияга сатылышы

Энтони Блинкен Өкүлдөр палатасынын тышкы байланыштар комитетинин бюджет жыйынында Американын тышкы саясатына баа берип, өлкөсүнүн чет өлкөлөргө курал сатуусу тууралуу да билдирүү жасады.

1820565
Ф-16нын Түркияга сатылышы

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Түркия жана Индия сыяктуу өлкөлөргө АКШнын аскердик сатуу процесстеринин дагы тез жана эффективдүү түрдө жүргүзүлүшү керектигин айтты.

Энтони Блинкен Өкүлдөр палатасынын тышкы байланыштар комитетинин бюджет жыйынында Американын тышкы саясатына баа берип, өлкөсүнүн чет өлкөлөргө курал сатуусу тууралуу да билдирүү жасады.

Блинкен, Түштүк Каролина штатынын милдетин аткаруучу Джо Уилсондун: «Менин оюмча биздин чет элдик аскерий сатууларыбыз керексиз бюрократиядан улам үзгүлтүккө учурап жатат. Мисалы Түркия жана Индия сыяктуу союздаштарыбызга жардам берүү жана алар менен иштешүү үчүн бул бюрократиядан кантип ашып өтө алабыз?" деген суроосуна жооп берди. АКШлык министр: «Мен сизге кошулам, биз чет өлкөлүк сатууларда жакшыраак иштешибиз керек, өзгөчө шашылыш болгондордо. Бул абал чындыгында аткаруу эркине тиешелүү, албетте Конгресске да тиешелүү. Бул маанилүү жагдай анткени биз ушул өлкөлөр менен өнөктөш боло турган абалда болсок, Орусия менен көптөн бери коргонуу тармагында карым-катнаштары бар көптөгөн өлкөлөр бул мамилелерди кайра карап чыгышат»,-деди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан жакында Конгресске жөнөтүлгөн катта Ф-16нын Түркияга сатылышы АКШнын кызыкчылыктарына туура келет деп баа берилген эле.



Тектеш кабарлар