Байден: "Орус олигархтарынын мүлктөрүн конфискациялайбыз"

Байден Ак үйдө өткөргөн маалымат жыйында, Украинага жардамдар жана Орусияга каршы санкциялар тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

1820090
Байден: "Орус олигархтарынын мүлктөрүн конфискациялайбыз"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден орус олигархтарынын мүлктөрүн конфискациялап, аларды украин элине жардам үчүн сатууга Конгресстен уруксат берүүнү талап кылды.

Байден Ак үйдө өткөргөн маалымат жыйында, Украинага жардамдар жана Орусияга каршы санкциялар тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Украинанын Орусияга каршы 2 айдан бери күрөшүп жатканын жана мунун кесепетинин арзан эмес экенин белгилеген Байден, бул темада бүгүн Конгресске жаңы талаптарды жөнөткөнүн жарыялады.

Байден ошондой эле Украинага аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардам үчүн Конгресстен 33 миллиард долларлык каражат талап кылганын билдирди. 



Тектеш кабарлар