Орусиядан Британиянын общиналар палатасынын 287 мүчөсүнө санкция
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.
Орусия Британиянын общиналар палатасынын 287 мүчөсүнө санкция киргизүү чечимин чыгарганын кабарлады.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Британ өкмөтүнүн 11-мартта орус парламентинин 386 мүчөсүн санкция тизмесине киргизгени эске салынып, ага жооп иретинде Орусиянын Британиянын общиналар палатасынын 287 мүчөсүнө санкция киргизүү чечимин кабыл алганы белгиленди.
Санкция киргизилген британиялык депутаттардын Орусияга каршы санкциялардын түзүлүүсүндө эң активдүү роль ойногондугу жана «антиорус истериясынын» күчөшүнө себеп болгону белгиленген билдирүүдө, бул ысымдардын мындан ары Орусияга кирүүгө уруксат берилбей турганы айтылды.
Ошондой эле санкция чечими кабыл алынган общиналар палатасынын мүчөлөрүнүн ысымдары да камтылды.
Тектеш кабарлар
Норвегия Мустафага Палестинаны таанууга байланыштуу документтерди тапшырды
Эспен Барт Эйде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Мустафа менен жолугушту.