Борбордук Африка Республикасы Биткойнду төлөм каражаты катары кабыл алды
Жаңы мыйзамга ылайык, өлкөдөгү компаниялар жана жеке адамдар соода-сатыгын крипто акча менен жүргүзүп, салыктарын ушул жол менен төлөй алышат.
Борбордук Африка Республикасы Сальвадордон кийин Биткойнду төлөм каражаты катары кабыл алган экинчи өлкө болду.
Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарларга караганда, санариптик экономика жана телекоммуникация министри Гурна Закко тарабынан Улуттук парламентке сунушталган, криптовалюта алмашуу жана биткойнду валюта катары кабыл алган мыйзам долбоору бир добуштан жактырылды.
Жаңы мыйзамга ылайык, өлкөдөгү компаниялар жана жеке адамдар соода-сатыгын крипто акча менен жүргүзүп, салыктарын ушул жол менен төлөй алышат.
Борбордук Америкадагы Сальвадордо биткойн 7-сентябрдан тарта мыйзамдуу акча бирдиги катары колдонула баштаган.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.