Россия Googleга таандык 500 миллион рублдик активдерди конфискациялоо чечимин чыгарды

YouTube Украинадагы согуштан улам Россиянын көптөгөн медиа компанияларына таандык каналдарга кирүүгө тыюу салган.

1818569
Россия Googleга таандык 500 миллион рублдик активдерди конфискациялоо чечимин чыгарды

Москванын Арбитраждык соту Россия телекомпаниясына коюлган чектөөлөрдөн улам Google компаниясына тиешелүү Россиядагы 500 миллион рублдик активдерди конфискациялоо чечимин чыгарды.

Сот Россиянын алдыңкы телекомпанияларынын бири Газпром медианын YouTube сайтына каршы доо арызын жыйынтыктады.

YouTube Газпром Медиага таандык каналдарды көрсөтүүнү токтоткондуктан сот Google компаниясына тиешелүү 500 миллион рубль (болжол менен 7 миллион доллар) мүлкүн конфискациялоону буйруду.

YouTube Украинадагы согуштан улам Россиянын көптөгөн медиа компанияларына таандык каналдарга кирүүгө тыюу салган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул койгон.



Тектеш кабарлар