Зеленский Блинкен жана Остин менен өткөргөн жолугушуусуна баа берди

Зеленский Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө Блинкен менен Остиндин орчундуу мезгилдеги сапарынын Украина үчүн баалуу жана маанилүү экенин белгиледи.

1817444
Зеленский Блинкен жана Остин менен өткөргөн жолугушуусуна баа берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнө барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана коргоо министри Ллойд Остин менен өлкөсүнө жардам жана Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү сүйлөшүшкөнүн айтты.

Зеленский Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө Блинкен менен Остиндин орчундуу мезгилдеги сапарынын Украина үчүн баалуу жана маанилүү экенин белгиледи.

Украинага көрсөткөн жардамы үчүн АКШга ыраазычылык билдирген Зеленский: «Блинкен жана Остин менен Украинага коргонуу жардамдары, каржылык колдоо жана коопсуздук кепилдиктерин, ошондой эле Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү талкууладык»,- деди.

Украина президентинин аппарат кеңешчиси Алексей Арестович, Feigin Live каналына жасаган билдирүүсүндө Блинкен менен Остиндин Киевге барганын айтып: «Бүгүн америкалыктар Киевде. Ооба, алар президент менен жолугуп жатышат» деген эле.



Тектеш кабарлар