Украинада балдардын өлүмү
Орус армиясынын бомбалоосунан 1500дөн ашуун билим берүү мекемесинин зыянга учураганы, алардын 102си толугу менен талкаланганы белгиленди.
1817483
![Украинада балдардын өлүмү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a9e9/62ed/13a4/62553c1998a6f.jpg?time=1718693577)
Орус армиясынын Украинадагы кол салууларында 215 бала каза болуп, 391 бала жаракат алды.
Украинанын башкы прокурорунун билдирүүсүндө, орус армиясынын бомбалоосунан 1500дөн ашуун билим берүү мекемесинин зыянга учураганы, алардын 102синин толугу менен талкаланганы белгиленди.
Билдирүүдө Орусиянын кол салуулары башталган 24-февралдан бери 215 баланын каза болгону, 391 баланын жаракат алганы кабарланды.