Францияда Макрон кайра шайланды, демонстранттар көчөлөргө чыгып нааразылык акцияларын өткөрүштү...

Өлкөдө кечээ өткөн президенттик шайлоонун экинчи туру жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктады.

1817403
Францияда Макрон кайра шайланды, демонстранттар көчөлөргө чыгып нааразылык акцияларын өткөрүштү...

Франциядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, президент Эммануэль Макрон өз кызматына кайра шайланды.

Өлкөдө кечээ өткөн президенттик шайлоонун экинчи туру жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктады.

Коомдук телеканал France Info тарабынан даярдалган сурамжылоолорго караганда, президент Макрон 58,2 пайыз добуш алса, анын атаандашы ашынган оңчул Марин Ле Пен 41,8 пайыз добушун алды.

Шайлоонун расмий жыйынтыгын Конституциялык кеңешме 27-апрелде жарыялайт.

Шайлоого катышпай калгандардын саны 28,2 пайызды түзүп, 1969-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болду.

Бир тараптан 44 жаштагы Макрон бул кызматка экинчи жолу шайланган үчүнчү президент болду.

Франсуа Миттеран менен Жак Ширак буга чейин эки мөөнөт президент болгон.

2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо Макрон экинчи турда дагы Ле Пенден ашып өтүп, 66,06 пайыз добуш менен президент болуп шайланган. Ле Пен 33,9 пайыз добуш алган.

Бир тараптан Эммануэль Макрондун кайра шайланышынан кийин борбор шаар Париж, Ренн жана Нантта демонстрациялар өткөрүлдү.

Париждеги Республика аянтына өздөрүн «антифашисттик» деп атаган жүздөгөн адамдар чогулушту.

Активисттер Макронго каршы ураандарды чакырышты. Полиция демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ менен жооп берди.

Реннде губернатордун демонстрацияларга тыюу салганына карабай, 250гө жакын демонстранттар шаардын борборуна чогулуп, көптөгөн таштанды челектерин өрттөштү. Полиция айлана-чөйрөгө зыян келтирген демонстранттарга карата калемпир газын колдонду.

Нанттын борборуна чогулган демонстранттар да Эммануэль Макронго каршы ураандарды чакырып, баннерлерди көтөрүштү. Бул жерде да полиция митингчилерди кууп чыгуу үчүн калемпир газын чачты.

Демонстрациялар учурунда полиция катуу коопсуздук чараларын көрдү.



Тектеш кабарлар