Украина каза болгон оурс аскерлеринин санын билдирди

Украинанын Башкы штабы 24-февралдан бери уланып жаткан согушта каза болгон орус аскерлеринин саны 21 миң 600гө жеткенин жарыялады.

1816916
Украина каза болгон оурс аскерлеринин санын билдирди

Украинанын Башкы штабы 24-февралдан бери уланып жаткан согушта каза болгон орус аскерлеринин саны 21 миң 600гө жеткенин жарыялады.

Башкы штабдын билдирүүсүндө 24-февралдан 23-апрелге чейинки согушта орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалыматтардын жаңыртылганы белгиленди.

Ага ылайык, Украинанын аймагында 21 миң 600 орус аскери набыт болгон.

Мындан тышкары 177 учак, 145 тик учак, 854 танк, 2205 бронетехника, 403 замбирек, 143 ракета атуу системасы жана 69 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү  1543 унаа, 8 кеме жана жеңил ылдамдыктагы кайык, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 182 учкучсуз учуучу аппаратынан ажырады.



Тектеш кабарлар