Лавров : "Украина менен сүйлөшүүлөр токтотулду"

Лавров Москвада Казакстандын вице – премьер - министри жана тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди менен жолугушкандан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Украина тууралуу маалымат берди.

1816726
Лавров : "Украина менен сүйлөшүүлөр токтотулду"

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина менен Россиянын ортосунда ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн токтогондугун билдирди.

Лавров Москвада Казакстандын вице – премьер - министри жана тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди менен жолугушкандан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Украина тууралуу маалымат берди.

Россия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан сүйлөшүүлөрдүн акырындык менен жылып жатканын белгилеген Лавров : «Сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканбыз. Бирок азыр токтоду. Анткени  беш күн мурда украиналык сүйлөшүүчүлөргө тапшырган жана ал учурда айтылган пикирлерди эске алуу менен билдирген сунушубуз жоопсуз калды»,- деди.

Лавров Украинанын президенти Владимир Зеленскийге  Москванын сунушу тууралуу суралганда «сунуш албагандарын» айтканын эске салып : «Абал тууралуу канчалык маалыматы бар аны тергөө менин ишим эмес бирок бул «сүйлөшүүлөр» деп аталган  процесстин кайда экендигин көрсөтүүдө»,- деди.

Министр Лавров күн сайын мамлекет башчысы жана кеңешчилер да болгон украиналык өкүлдөрдүн «сүйлөшүүгө муктаж эмес экендерин, тагдырларына моюн сунгандыгын» айткан билдирүүлөрүн угуу өзү үчүн таң калыштуу экендигин айтты.



Тектеш кабарлар