Игорь Конашенков Украинада орус армиясынын аракеттери тууралуу маалымат берди

Мариуполдо абалдын калыбына келгендигин айткан Конашенков шаардын тургундарынын көчөлөрдө баса алгандыгын жана шаарга гуманиардык жардам берилгендигин билдирди.

1816845
Игорь Конашенков Украинада орус армиясынын аракеттери тууралуу маалымат берди

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Мариуполдогу "Азовсталь" заводунан жарандарды чыгаруу боюнча буйруктун Киев администрациясына билдирилгендигин айтты.

Конашенков Украинадагы согушта орус армиясынын аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Мариуполдо абалдын калыбына келгендигин айткан Конашенков шаардын тургундарынын көчөлөрдө баса алгандыгын жана шаарга гуманиардык жардам берилгендигин билдирди.

Азов батальону менен бирдикте  АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн келген чет элдик жалданма согушкерлердин «Азовсталь» металлургиялык заводунун аянтында бекем курчоого алынганын белгилеген Конашенков, украиналык куралдуу күчтөрүнүн жанында экендигин айткан аялдар менен балдарды бошотуу талаптарынын көобөстүккө салынгандыгын айтты.

Конашенков жарандардын «Азовсталь» заводунун  аймагынан чыгуу буйругу саат сайын ичиндеги күчтөргө билдирилип жаткандыгын белгилеп : "Бул маалымат Киев режиминин өкүлдөрүнө Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук аркылуу да Киев админстрациясынын өкүлдөрүнө билдирилүүдө",- деди.  

Конашенков «Азов» батальонунун жана чет элдик жалданма согушкерлердин жанында жарандар бар болгон болсо жана аларды барымтага алган болсо бул алардын террорист экендигин  көрсөтөрүн айтты.

Украинадагы буталарга карата жогорку тактыктагы куралдардын колдонулгандыгын баса белгилеген Конашенков : «Бир күндүн ичинде абадан учурулган жогорку тактыктагы ракеталар менен 13 Украина аскердик элементи атылды. 2 командирлик борбору жана 11 чеп жок кылынды»,- деди.

Орус абадан операциялык тактикалык бөлүктүн 26 аскердик объектиге сокку урганын белгилеген Конашенков, Донецк жана Харьков аймактарында абадан коргонуу системасы менен 3 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Конашенков : «Учурда Украинанын куралдуу күчтөрүнө таандык 140 учак, 107 тик учак, 523 учкучсуз учуучу аппарат, 258 абадан коргонуу ракеталык системасы, 2458 танк жана бронетехника, 272 көп стволдуу ракета аткычтар, 1069 гаубица жана минометтор, 2 миң 305 атайын аскердик техника жардырылыды»,- деди.



Тектеш кабарлар