Сирияга колдоо көрсөтүү конференциясы Брюсселде өтөт

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын басма сөз катчысы Питер Стано маалымат берди.

1816524
Сирияга колдоо көрсөтүү конференциясы Брюсселде өтөт

Сирияга колдоо көрсөтүү конференциясынын алтынчысы 9-10-майда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өтөт.

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын басма сөз катчысы Питер Стано, «Сирия жана аймактын келечегине колдоо көрсөтүү конференциясы» аттуу 6-Брюссель конференциясынын 9-10-майда болоорун билдирди.

Стано жыйынга өкмөттөрдүн, эл аралык жана аймактык уюмдар менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышарын билдирди.

Бул жыйындын эл аралык коомчулуктун Сирия калкына жана аларга жардам берген өлкөлөргө болгон чечкиндүүлүгүн ырастоо үчүн мүмкүнчүлүк экенин белгилеген Стано, сириялыктардын да үндөрүн угузушуна мүмкүнчүлүк түзө турганын айтты.

Жыйындар ЕБ жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан биргеликте уюштурулуп, каржылык жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелер кабыл алынууда.



Тектеш кабарлар